Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 460-б
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын жылуулук берүүчү ведомстволук ишканаларынын 2011/2012-жылы жылытуу мезгилин ишенимдүү өтүүсү үчүн отун менен өз убагында камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы 2011/2012-жылынын жылытуу мезгилинде бир булактан алуу ыкмасын колдонуу менен Казакстан Республикасынын Кулан кенинен ГМБ (газдуу май байытылган) маркасындагы көмүрдү зарыл болгон өлчөмдө сатып алсын.
2. Казакстан Республикасынын Кулан кенинен ГМБ (газдуу май байытылган) маркасындагы көмүрдү сатып алууда жеткирүүчүнүн тандалышы, акча каражаттарынын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору М.С.Муразевге жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Казакстан Республикасынын Кулан кенинен ГМБ (газдуу май байытылган) маркасындагы көмүрдүн сатып алынышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |