Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 461-б
"Энтес" компаниясынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине койгон доосу боюнча Гаага шаарындагы Туруктуу арбитраждык сотто соттук териштирүү уланып жатканына байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн "Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомуна 350 (үч жүз элүү) миң АКШ доллары өлчөмдөгү акыны учурдагы жана кийинки финансылык жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жана чегинде төлөсүн;
- акы төлөнгөнү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине тапшырылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |