Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-сентябры № 467-б
Фермердик чарбалардын деңгээлинде айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн инвестициялык жана техникалык колдоо жана жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун тиркелген расмий тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул Макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |