Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 462-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун үнөмдөлгөн, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 183-б буйругу менен "Чолпон-Ата" эс алуу үйүнө жана "Ак-Толкун" пансионатына жолдомолордун толук жана жеңилдиктүү бааларынын ортосундагы айырманы төлөөгө бөлүнгөн 455 855 (төрт жүз элүү беш миң сегиз жүз элүү беш) сомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ак-Толкун" мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшоого уруксат берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |