Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-октябры № 473-б
Эл аралык валюта фонду менен Кыргыз Республикасынын ортосунда кол коюлган «Банктарды кайра финансылоонун атайын фонду» жоопкерчилиги чектелген коомун (мындан ары - «БКФАФ» ЖЧК) жоюу жана «Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер» долбоорунун чегинде бюджеттик каражаттын эсебинен коммерциялык банктарга берилген кредиттер боюнча талап кылуу укугун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө 2011-2012-жылдарга Экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун шарттарын аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- «Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер» долбоорунун чегинде коммерциялык банктарга берилген кредиттер боюнча «БКФАФ» ЖЧКны жоюу комиссиясынан кредиттик-күрөө документтерин кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына «БКФАФ» ЖЧКсы бөлүп берген кредиттик каражаттардын көлөмүн тактасын жана тийиштүү үч тараптуу салыштыруу актысын түзсүн;
- «БКФАФ» ЖЧКсы жана коммерциялык банктар ортосунда мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарында «Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер» долбоорунун чегинде коммерциялык банктарга берилген кредиттер боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө «БКФАФ» ЖЧКны жоюу комиссиясы менен макулдашууну түзсүн;
- коммерциялык банктар тарабынан «БКФАФ» ЖЧКга кайтарып берилүүгө жаткан жана 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып чегерилген жылдык 2 пайыз өлчөмүндөгү кредитти пайдалануу үчүн пайыздар республикалык бюджетке берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |