Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-октябры № 475-б
«Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 146 Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына эки полиграф аппаратын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондусунун атайын каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.
2. Полиграф аппаратын сатып алуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы сатып алынган полиграф аппараттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын балансына тестирлөө максатында пайдалануу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |