Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-ноябры № 519-б
Белгилүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, А.Малдыбаев атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер Эркин Касымовдун Кыргызстанда музыка искусствосунун өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып жана туулган күнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Азыранкулов А.Ж. | - Чүй областынын мамлекеттик администрация башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Эрматов Э. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Эламанов Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын тарбиялык иштер боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Базарбаев А.С. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын начальниги;
|
Султанбаева А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Субанбеков Т.Д. | - Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Бегалиев М.Б. | - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
|
Саламатов Т.С. | - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Орунбеков Б.О. | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактору;
|
Осмонов М. | - «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;
|
Мурзалиев А.М. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Касымова С.Ш. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Касымова Д.Э | - Э. Касымовдун кызы |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |