Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-ноябры № 526-б
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Азыранкулов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | |
Асанов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Алканов Р.А. | - «Алканов жана Компания» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
|
Абдрахманов Т.А. | - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
|
Абыкеев Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Абдрахман уулу Шайырбек | - «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Жолдошева Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Казакбаев Р.А. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
|
Мамырова Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Момбеков Р.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Өмүрбекова А.С. | - Бишкек шаарынын Ленин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;
|
Орунбеков Б.О. | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Рысалиев З.К. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
|
Салымбеков А.М. | - «Дордой» ассоциациясынын президеити (макулдашуу боюнча);
|
Слащева Т.М. | - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
|
Үсөнбаев М.А. | - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
|
Эрматов Э.Э. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаранын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чара менен байланышкан чыгымдар тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республыкасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |