КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-ноябры № 540-б
Баткен облусунун жол инфраструктурасын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жана жакшыртууну камсыздоо максатында:
1. Баткен облусунун Кулунду-Максат автомобиль жолун курууга 2011-жылдагы "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесинде каралган 35 (отуз беш) миллион сом өлчөмүндөгү республикалык бюджеттин каражаттарын белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берилсин:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Ош-Баткен-Исфана" автомобиль жолу башкармалыгына (заказчы-куруучу) Баткен облусунун төмөнкү жерлерде жайгашкан көпүрөлөрүн курууга (реконструкциялоого):
- Ош-Исфана автомобиль жолунун 339 километриндеги Лейлек районунун Чимген калктуу конушундагы - 9 (тогуз) миллион сом;
- Лейлек районунун Коргон-Катран-Өзгөрүш автомобиль жолунун 12 километриндеги - 6 (алты) миллион сом;
- Ош-Исфана автомобиль жолунун 242 километриндеги Баткен районунун Самаркендек калктуу конушундагы - 12 (он эки) миллион сом;
Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгына (заказчы-куруучу) Лейлек районунун Эскиоочу калктуу конушундагы Кайрагач-Кулунду-Арка автомобиль жолунун 24 километринде жайгашкан жана Бешкент айыл өкмөтүнүн балансында турган көпүрөнү курууга 8 (сегиз) миллион сом.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылы "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте киргизсин.
3. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык жогоруда аталган объекттерди куруу үчүн бир булактан алуу ыкмасы менен долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча консультациялык, курулуш кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну ишке ашырууга заказчы-куруучуларга уруксат берилсин, мында потенциалдуу подрядчиктердин үчтөн кем эмес коммерциялык сунуштары изилдеп иликтелсин жана салыштырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |