Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-ноябры № 541-б
Эпизоотияга каршы кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 3-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарына каршы күрөшүү боюнча чараларды туруктуу негизде ишке ашырууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринария департаментинин ишине баа берүү менен ишке ашырылып жаткан чаралардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына квартал сайын маалымат берип турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринария департаментине 2011-жылга каралган финансылык каражаттардын чегинде шарпка каршы күрөшүү үчүн бир булактан алуу ыкмасы менен биопрепараттарды сатып алууга уруксат берилсин.
3. Бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринария департаментинин жетекчисине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринария департаменти жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат жана отчет үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү маалымат берсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |