Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-октябры № 477-б
Кыргыз Республикасында кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн оорулуу ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүү, энелердин ден соолугун жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Франкфурт-на-Майне KfW ортосундагы "Энеликти жана балалыкты коргоо IV жана V" долбоору боюнча 10,5 млн евро суммасында каржылоо жөнүндө келишимдин расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер – министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |