Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-октябры № 507-б
2011-жылдын 23-октябрында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан Түркия Республикасынын калкына жардам көрсөтүү максатында:
1. Туркия Республикасына чатыр, жылуу одеяло жана кийим, тамак-аш азыктары (ун, кант, чай, буурчак, таза суу) түрүндө гуманитардык жүк жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жүктү жыйноо, жүктөө жана жеткирүү үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Б.И. Борбиев түркия тарапка жүктөрдү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Click Airways LLC" авиакомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коом менен бипдикте Кыргыз Республикасынан Түркия Республикасына жана кайра кайткан багытта учуучу атайын рейстин учуу планын (флайт-планын) оперативдүү иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркия Республикасына жиберүү үчүн төмөнкүдөй товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүп берсин:
- 10 орундуу чатыр - 30 комплект;
- жылуу одеяло - 1 ООО даана.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Түркия Республикасына жиберүү үчүн төмөнкүдөй товардык-материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервден брондон чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берсин:
- ун 1-сорт - 5 тонна;
- ун 2-сорт - 5 тонна;
- Цейлон чайы, жогорку сорт - 1 тонна;
- камуфляж костюмдар - 100 комплект.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Эрзурум (Түркия) - Бишкек маршруту боюнча жогоруда аталган атайын маршрутун аткаруу үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептен 2 400 000 (эки миллон төрт жүз миң) сом бөлүнүп берилсин;
- ушул токтомдун 6-пункттунда аталган товардык-материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна финансы каражаттарын бөлүп берүүнү 2012-жылга респбуликалык бюджетте караштырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте гуманитардык жүктү, ошондой эле аларды коштоп жүргөн адамдарды мамлекетгик чек арадан өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте гуманитардык жүктү жүктөөнү жана Кыргыз Республикасынан Түркия Республикасына жана кайра кайткан багытта учууну (аба кемесинин баруучу акыркы пунктуна чейин) аткарууда атайын бортту жоопкерчилик зонасында нөлдүк ставка менен тейлөөнү камсыз кылсын.
10. "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунан "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомуна катышуу үлүшү үчүн эсептелген, кыргыз тарап алган дивиденддердин эсебинен 45 (кырк беш) тонна өлчөмүндөгү авиациялык отунду "Click Airways" авиакомпаниясынын Ил-76 самолетуна оперативдүү куюп берүү суралсын.
11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-нремьер-мннистрн, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |