Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-декабры № 549-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2011-жылдын 8-9-декабрында болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Ибраимова Чолпон Ибраимовна | - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы экономика маселелери боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Усупов Үсөн Макаевич | - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү;
|
Панкратов Олег Михайлович | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
|
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти. |
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы экономика маселелери боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ибраимова Чолпон Ибраимовнага жогоруда аталган КМШнын Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү Усупов Үсөн Макаевичке жогоруда аталган ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин кезектеги жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Командировкалык чыгымдарга акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберген уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |