Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-декабрындагы № 550-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору, медицина илимдеринин доктору Данияров Санжарбек Бакировичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. Сөөк коюуну даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Жумабеков С.А. | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Кудаяров Д.К. | - академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Бадыкеева Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Иманалиев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Исаков Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Абдраимов Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
|
Садыков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Рысалиев З.К. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри;
|
Асанов Б.А. | - Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Зурдинов А.З. | - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору;
|
Мамакеев М.М. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);
|
Мамытов М.М. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);
|
Раимжанов А.Р. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча); |
Иманбаев С.И. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- жарандык коштошуу зыйнатын өткөрүү датасы - 2011-жылдын 6-декабры, саат 10:00, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунда;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |