Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
от 2011-жылдын 11-ноябры № 527-б
2011-жылы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймактарында болгон табигый кырсыктардын натыйжасында зыянга учураган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиркемеге ылайык объекттерде авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 18 747 000 (он сегиз миллион жети жүз кырк жети) сомду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын, бул учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнундө" токтомун жетекчиликке алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |