Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-декабры № 561-б
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Өнүктүрүү максатына грант (Грант № Н096 KG) жөнүндө макулдашуу ("Өзгөчө кырдаалдардын апдын алуу" долбоору) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 8-сентябрындагы № 296 Жарлыгы менен ратификацияланган "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу" долбоорун тең каржылоо үчүн Япония гранты жөнүндө (Грант № TF 053437 KG) Макулдашуу-Кат боюнча кыргыз тараптын келишимдик милдеттенмелерин аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу" долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылган Кыргыз Республикасынын консультант-резидент эместеринин кирешелерине салып төлөө үчүн 22 034 660,26 сом (жыйырма эки миллион отуз төрт миң алты жүз алтымыш сом жыйырма алты тыйын) өлчөмүндө финансылык каражатты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |