Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-нылдын 29-декабры № 562-б
Бишкек шаарынын бюджетинин киреше белүгүнүн төмөндөп кетишине байланыштуу, чыгымдардын корголгон беренелерин, анын ичинде бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрүн, калктын корголбогон катмарына пособиелерди жана жеңилдиктерди каржылоо, тамак-аш азыктарын, медикаменттерди сатып алуу, ошондой эле калкты жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 754 "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетин республикалык бюджеттен социалдык жактан корголгон жана милдеттүү төлөмдөрдү каражылоону камсыз кылууга 200,0 млн. сом суммасында каржыласын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |