Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 566-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте оперативдүү башкаруу укугу менен:
- автомобиль жолдорунун төмөнкү участокторун баланска кабыл алсын:
Чүй облусунун Сокулук районундагы Жал жана Сарбан калктуу конуштарынын ортосундагы узундугу 450 метр болгон;
Баткен облусунун Лейлек районундагы Булак-Башы-Кайрыгач, узундугу 23 км болгон;
- республикалык бюджетте 2012-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде баланска кабыл алынган автомобиль жолдорунун участокторун капиталдык ремонттоону жана кармоону камсыз кылсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |