Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-декабры № 569-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпиев айыл аймагынын жолдору менен көчөлөрүнүн абалын жана жүргүнчүлөр каттамын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оперативдүү башкаруу укугу менен белгиленген тартипте:
- Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпиев айыл аймагынын узундугу 6 км болгон Э.Ботоев атындагы көчөсүн (мындан ары - көчө) баланска кабыл алсын;
- 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичинде жогоруда аталган көчөнү капиталдык ремонттоо долбоорун даярдасын;
- аталган көчөнү капиталдык ремонттоону 2012-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде камсыз кылсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |