Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 5-июлу № 323-б
2012-жылдын 8-12-июлунда Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) боло турган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги онунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:
Жапаров Акылбек Үсөнбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Шеримкулов Медеткан Шеримкулович | - | Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Туманов Кубанычбек Туманович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жумалиев Акылбек Токторович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Кулуев Кожогелди Калакунович | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары; |
Кожобеков Асылбек Эсенджанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Осмонбетов Эмиль Кубатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Пирназаров Марат Түгөлбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги; |
Сыдыгалиев Ринат Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Ажикулов Эрлан Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Кудайбердиева Айзада Бердибековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Тышкы байланыштар жана Интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-октябрындагы № 560-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Тегеран шаарына (Иран Ислам Республикасы) баруусуна байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар боюнча командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |