Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-июлу № 328-б
Кыргыз Республикасында 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгы кеңешинин Экинчи саммитин (мындан ары - Саммит) жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары кеңешинин жыйынын (мындан ары - ШКУ жыйыны) өз убагында жана тийиштүү уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Саммитти жана ШКУ жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыздасын, ошондой эле каржылоонун башка булактарынан кошумча каражаттарды издеп тапсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасы, "№ 1 Мамлекеттик резиденция" жана "№ 2 мамлекеттик резиденция" мамлекеттик мекемелери Саммитти жана ШКУ жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана ремонттоо-курулуш иштеринде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык "бир булактан алуу" ыкмасын колдонушсун.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |