Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-июлу № 329-б
Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 19-июнундагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланган "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 389795 (үч жүз сексен тогуз миллион жети жүз токсон беш) миң АКШ доллары өлчөмүндө заемдук каражат берсин;
- белгиленген тартипте "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен төмөнкү шарттарда заемдук каражаттарды кайтаруу боюнча субкредиттөөгө Макулдашуу түзсүн:
заемдук каражаттарды тындыруу мөөнөтү - 20 жыл, анын ичинде кийинки жеңилдетилген мезгили 11 жыл ичинде негизги сумманы андан ары бирдей өлчөмдө тындыруу менен заемдук каражаттардын негизги суммасына 9 жыл жеңилдетилген мезгилди берүү менен;
заемдук каражаттарды пайдалануу үчүн проценттик ставка - жылдык 2 (эки) процент;
төлөмдү кармагандыгы үчүн айыптык санкция - өтүп кеткен мөөнөттүн суммасына эсептелген жылдык 5 (беш) процент өлчөмүндө;
тындыруунун мезгилдүүлүгү - жылына эки жолу: 21-апрель жана 21-октябрь;
эсептөөнүн башталышы - акча каражаттарын алган учурдан баштап (иш жүзүндө алынган акча каражаттарына);
заемдук каражаттар боюнча тындыруу милдеттенмелеринин акыркы датасы - 2032-жылдын 21-октябры;
жеңилдетилген мезгилдин ичинде эсептелген проценттер иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммага төлөм түшкөнүнө жараша төлөнөт.
2. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- заемдук каражаттарды максаттуу камсыздоо;
- бир жолку сумма түрүндө 0,25 процент өлчөмүндө 974487,5 АКШ долларына барабар займды башкаруу үчүн комиссиялык жыйымдарды төлөө;
- "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоору боюнча карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун 2-беренесинин 2.6-пункттарында көрсөтүлгөн жылдык 0,25 процент өлчөмүндө милдеттенмелер үчүн комиссия жыйымдарды төлөөгө жоопкерчилик алуу.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги белгиленген тартипте "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомун төмөнкүлөр боюнча контролдоону жүргүзсүн:
- алган каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча;
- тындыруу графигине ылайык Субкредиттөө боюнча макулдашуунун шарттарын аткаруу боюнча.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |