Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-июлу № 331-б
Мамлекеттик администрациялык имараттардын жайларын тартипке келтирүү жана кыйла сарамжалдуу пайдалануу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-мартындагы № 119-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 193 дареги боюнча жайгашкан имараттагы ээлеп турган кызматтык жайларын "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүнө жана "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясына акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында бекитип берсин.".
Премьер-министр | Ө.Бабанов |