Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-июлу № 334-б
Туристтик тармакта салык салууну оптималдаштыруу үчүн Ысык-Көл облусундагы туристтик объекттердин реестрин түзүү максатында:
1. Жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Казаков Данияр Болушевич | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Айдаралиева Расым Шаршекеевна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Исабеков Нарынбек Дүйшөнович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Мамыров Акылбек Зарлыкович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм начальниги; |
Кененбаева Нурбүбү Саадашевна
| - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Кайыкова Роза Жазбаевна
| - Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун, басары; |
Халитов Михаил Гилфанович
| - Кыргызстандын ишкерлер союзунун Туризм боюнча кеңешинин төрагасы(макулдашуу боюнча); |
Йен Клейтор
| - Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Насирдинов Акжолтой Насирдинович | - Ысык-Көл облусунун курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ 2 жумалык мөөнөткө:
- Курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелерди (мындан ары - КДЧ) каттоо үчүн реестрдин бирдиктүү формасын иштеп чыксын;
- реестрди түзүү жана салык келишиминин негизинде салык төлөөгө которуу үчүн КДЧны текшерүү боюнча иш-чараларды уюштурсун.
3. Зарыл учурда жумушчу топ чакан топторду түзүүгө, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Ысык-Көл облусунун облустук мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн жана КДЧнын жетекчилери менен жеке сектордун өкүлдөрүнө топтун жумушу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |