Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-июлу № 335-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун редакциясына ылайык)
Химиялык заттарды коопсуз башкаруу, донорлук жардамдарды тартуу, координациялоону жакшыртуу жана кызыкдар мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жеке сектордун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасында Химиялык заттарды, анын ичинде полихлордифенил кармаган заттарды коопсуз башкарууга көмөк көрсөтүү боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Координациялык комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Координациялык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн өкүлү;
"Көз карандысыз экологиялык экспертиза" коомдук бирикмесинин өкүлү, Кыргыз Республикасында химиялык заттарды эл аралык жөнгө салууга стратегиялык ыкма боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
"Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Хайдаркан сымап комбинаты" ачык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Координациялык комиссия бир айлык мөөнөттө Координациялык комиссия жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте аны өзүнүн чечими менен бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасында Координациялык комиссиянын негизги уюштуруучу жумушчу органы болуп аныкталсын.
4. Координациялык комиссияга зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик агенттиктердин жана инспекциялардын, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башкы органдарынын жетекчилери Координациялык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жана реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Ө.Бабанов |