Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-июлу № 337-б
1. "Шашылыш медицинанын улуттук системасын түзүү, II этап" долбоору боюнча 3000000,0 евро суммасына Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майненин ортосундагы Финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимдин, "Шашылыш медицинанын улуттук системасын түзүү" долбоору боюнча 3000000,0 евро суммасына Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майненин ортосундагы 2005-жылдын 14-декабрындагы Ссуда берүү жана финансылык колдоо (грант) көрсөтүү жөнүндө келишимге кошумча каржылоонун көлөмүн көбөйтүү жөнүндө келишимдин тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган келишимдердин долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |