Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июлу № 338-б
"Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүү жана изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин камсыз кылуу максатында:
1. Төмөнкү курамда Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2012-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кумтөр" долбоорунун ишинин мезгилинде "Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниясынын товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана камсыздандыруу чегерүүлөрү жана төлөөлөр боюнча документтерин кошкондо финансылык-чарбалык иштерин текшерсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ө.Бабанов |