Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июлу № 339-б
"Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды сактоосун текшерүү жана изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин камсыздоо максатында:
1. Төмөнкү курамда Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2012-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
- экологиялык нормаларды жана талаптарды сактоону, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, пайдалуу казылмаларды (алтын ж.б.) казуу жана чалгындоо объекттеринде мамлекеттик экологиялык контролдоо абалын текшерсин;
- "Кумтөр" кенинин объекттеринде түзүлгөн уулуу жана уулуу эмес өндүрүштүк, тиричилик калдыктарын кармоо абалын текшерсин;
- өндүрүштүк, мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү жана контролдоо системасынын абалын иликтесин жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ө.Бабанов |