Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июлу № 341-б
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо жана билим берүү системасынын колдонуудагы башкаруу жана каржылоо методдорун өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин директору;
"Социум Консалт" консалтингдик компаниясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын саламаттык сактоо жана билим берүү системасынын колдонуудагы башкаруу жана каржылоо методдорун өзгөртүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |