Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-июну № 224-б
Кыргыз Республикасында Энергияны үнөмдөө программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары жумушчу топ) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын энергетика министри, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ:
- 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасында Энергияны үнөмдөө программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар планын бекитсин;
- 3 айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында Энергияны үнөмдөө программасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жумушчу топтун иштерине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Жумушчу топтун уюштуруу жана башка камсыздоо иштери Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |