Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-июну № 232-б
Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу) 2011-жылдын 23 жана 24-июнунда болуучу Европа союзу - Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы боюнча комитеттин онунчу жыйынынын жана Европа союзу - Кыргыз Республикасынын Соода жана инвестициялар боюнча чакан комитетинин он биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү курамдагы делегациясы бекитилсин:
Абдыгулов Т.С.(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынан ЕС менен кызматташуу боюнча улуттук координатордун милдетин аткаруучу, делегациянын башчысы;
Кемелова Д.А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, делегациянын башчысынын орун басары;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Азылов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, айкалыштырып иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Европа коомчулугу комиссиясынын алдындагы туруктуу өкүлү;
Кожобеков А.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын Брюссель шаарына баруусу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Эскертүү:
(*) командировкага жиберүү жана ал жерде болуу боюнча чыгымдар Европа союзунун каражаттарынын эсебинен.
Премьер-министр | А.Атамбаев |