КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-июну № 233-б
Нарын облусунун Нарын шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо максатында:
1. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясына Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүн реабилитациялоо үчүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен консультациялык жана курулуш кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну жүргүзүүгө уруксат берилсин, бул учурда бештен кем эмес потенциалдуу подрядчыларды иликтесин жана алардын коммерциялык сунуштарын салыштырсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |