Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-июнундагы № 235-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Үсөнбаев Мир Алымкуловичтин туулган күнүн 60 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Алымбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жээнбеков С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы губернатор;
Курманалиева К.А. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы губернатор;
Маматов А.Э. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы аким;
Медетбеков Ш.О. - Кыргыз Республикасынын коомдук ишмери (макулдашуу боюнча);
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Султанбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
Орунбеков Б.О. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор;
Осмонов М.О. - "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Тургунбаев К.Т. - Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси;
Чокиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |