Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-июну № 236-б
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын жогорку айырмалык даражасы ыйгарылган, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. Сөөк коюуну даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Асанов Б.Ж. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Абылкасымова М. - Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча);
Азыранкулов А.Ж. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Жумалиев К.М. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Калматов А.Б. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Коеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
Кудайбердиев А.А. - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Өмүрбеков К.С. - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Рысалиев З.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Токтоматов Н. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Тургуналиев Т.Т. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Шер Болот - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча).
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- маркум менен жарандык коштошуу ырасымын өткөрүү күнү - 2011-жылдын 18-июну, саат 10.00, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
- сөөк коюлуучу жер - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылы.
3. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 150 000 (жүз элүү миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жарандык коштошуу ырасымын өткөрүүнүн учурунда Улуттук гвардиянын ардактуу кароол ротасынын катышуусун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы:
- А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан сөөк коюлуучу жерге чейин сөөк коюуга катышуучуларды ташуу үчүн эки автобус берсин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан гүлчамбар даярдасын.
Биринчи вице-премьер-министр | Ө. Бабанов |