Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-июну № 239-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2011-жылдын 22-июнунда болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын кезексиз жыйынына жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин 54-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Бабанов ӨмүрбекТоктогулович* - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Чиналиев Улугбек Кожомжарович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Усупов Үсөн Макаевич* - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү;
Кайкеев Эмил Абдыкалыкович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;
Баяманова Зуура Эдуардовна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги;
Чолпонкулов Руслан Алижапарович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын улук офицери.
2. Аталган жыйындарга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Эскертүү:
* - ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын жыйынына жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу үчүн 2011-жылдын 21-22-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |