Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-августу № 327-б
Кыргыз Республикасынып Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 200,0 (эки жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда берсин;
- белгиленген тартипте аталган мамлекеттик ишкана менен бюджеттик ссуданы кайтарып берүү шарттары боюнча Карыздык милдеттенме тузсүн;
- бюджеттик ссуда берүүнүн төмөнкү шарттарын аныктасын:
бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнетүн 2012-жылдын 1-апрелинен тартып 2012-жылдын 1-июлуна чейин, ай сайын бирдей үлүштөр менен (50,0 млн. сом) белгилөөнү:
ссуда проценсиз, күрөөлүк камсыздоону тариздебестен;
төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткентиги үчүн мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6 процент өлчөмүндө айыптык санкция белгилөөнү;
- белгиленген тартипте «2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүү киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы:
- бюджеттен алынган 200,0 (эки жүз) миллион сом өлчөмүндөгү каражаттары максаттуу багыты боюнча гана электр энергиясы, мазут жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карызы тындырууга жумшасын;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнү ушул буйруктун 1-пунктуна так ылайыкта камсыз кылсын.
3. Буйл буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана миниралдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |