Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-августу № 328-б
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында калдык сактоочу жайларды жана кен таштандыларын реабилитациялоо максатында:
1. "Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу" долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен "Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу" долбоору боюнча кошумча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |