Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-августу № 329-б
Төкмө акын, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү акын Эстебес Турсуналиевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Болотканов К.Б. - «Учкун» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Курманалиева К.А. - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;
Орунбеков Б.О. - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
Осмонов М.О. - «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору;
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Раев С.А. - Курманжан Датканын жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Султанбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
Токтосартов А.Т. - «Руханият» эл аралык ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Үсөнбаев М.А. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Чокиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |