Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-августу № 332-б
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы жана Нарын облусунун Нарын районундагы жалпы пайдалануудагы автожолдорго кечкү түшүү кооптуулугу жөнүндө өз учурунда божомол жүргүзүү жана алдын алуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2012-2014-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү долбоорунда белгиленген каражаттардын чегинде Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолунун Чапчыма (Рават) ашуусунун жана Бишкек-Торугарт автожолунун Долон ашуусунун районунда кар көчкү станцияларын долбоорлоону жана курууну 2012-2014-жылдарга план-божомолдо карасын.
2. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун жана Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациялары белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кар көчкү станцияларын куруу үчүн жер участкаларын бөлүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларын каржыласын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |