Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-августу № 350-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын курамы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мамлекеттик кирешелерди эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын салыктык жана бажылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын статистикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги.".
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы № 494 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |