Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-августу № 363-б
Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери Юсуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери Касым Тыныстановдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Болот Миңжылкыевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Асанакунов М.А. - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатордун милдетин аткаруучу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Алымбеков Э.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Абдувалиев К.С. - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;
Абдылдаев К.К. - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору;
Бекбоев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
Жамгырчиева Г.О. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург жана коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Насирдинов Н.А. - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Орунбеков Б.О. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор;
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Православнова Л.Н. - Ысык-Көл облустук "Вести Иссык-Куля" гезитинин редактору (макулдашуу боюнча);
Раев С.А. - Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;
Султанбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
Тайтекеев К.Р. - Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Урманаев С.И. - "Ысык-Көл" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Эгембердиев А.Б. - "Ысык-Көл кабарлары" облустук гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |