Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-августу № 369-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери Жамал Сейдахматованын улуттук театр искусствосунун жана кинематографиясынын өнүгүшүнө кошкон көрүнүктүү салымын эске алып жана туулган күнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Абдылдаев А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Алканов Р.А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Асанакунов М.А. - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын – губернатордун милдетин аткаруучусу;
Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Иманалиев К.И. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Иманалиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Насирдинов Н.А. - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Орунбеков Б.О. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор;
Садык Шер-Нияз - Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Үсөнбаев М.А. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Шаршенбаев М.С. - Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлери союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаранын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чара менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |