Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-августу № 370-б
Италия Республикасынын Милан шаарында "Планетаны сактап, өмүр үчүн энергия алуу" деген девиз алдында "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөнү өткөрүүгө катышуу үчүн жана Италия Республикасынын Премьер-министринин расмий чакыруусуна байланыштуу:
1. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин катышуу ишке ашырылсын.
2. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети:
- "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги менен биргеликте "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө экспозицияны уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча чыгымдардын сметасын түзүү жана сарптоолорду андан ары каржылоо менен бекитүү үчүн зарыл эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишканаларын тизмесин аныкташсын.
5. Бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттерди тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы көргөзмөнүн улуттук оператору болуп аныкталсын (макулдашуу боюнча).
6. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын экспозицияларынын башкы комиссары болуп Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) Италияда уюштуруу комитетинин эл аралык пландагы кеңешмелерине жана жыйындарына "ЭКСПО-2015" маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген катары катышууну тапшыруу менен дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча), уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агро-өнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысынын биринчи орун басары;
- Чүй облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
- Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
- Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ош облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Баткен облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-августу № 370-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)
Италия Республикасынын Милан шаарында "Планетаны сактап, өмүр үчүн энергия алуу" деген девиз алдында "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөнү өткөрүүгө катышуу үчүн жана Италия Республикасынын Премьер-министринин расмий чакыруусуна байланыштуу:
1. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин катышуу ишке ашырылсын.
2. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети:
- "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүнө экспозицияны уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча чыгымдардын сметасын түзүү жана сарптоолорду андан ары каржылоо менен бекитүү үчүн зарыл эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттерди тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы көргөзмөнүн улуттук оператору болуп аныкталсын (макулдашуу боюнча).
6. "ЭКСПО-2015" дүйнөлүк көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын экспозицияларынын башкы комиссары болуп Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) Италияда уюштуруу комитетинин эл аралык пландагы кеңешмелерине жана жыйындарына "ЭКСПО-2015" маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген катары катышууну тапшыруу менен дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президента, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын торагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын терагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президента (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 338-б буйругунун редакциясына ылайык)