Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-сентябры № 394-б
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин иши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгына Баткен шаарынын мэриясынын администрациялык имаратын (мындан ары - объект). курууну аяктоого 17400000 (он жети миллион төрт жүз миң) сом бөлсүн.
2. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы объектинин курулушу аяктагандан кийин аны белгиленген тартипте Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |