Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2011-жылдын 10-сентябры № 399-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлчүлүк комиссиясынын 71-жыйынына (2011-жылдын 13-14-сентябры), Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу маселелери боюнча консультацияларга (2011-жылдын 12-сентябры) жана ЕврАзЭСтин мүчө мамлекеттеринин финансы министрликтеринин эксперттеринин кеңешмесине (2011-жылдын 12-13-сентябры) катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;
Кулматов Кубанычбек Кеңешович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кайкиев Эмил Абдыкалыевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;
Ибраимова Чынара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Баяманова Зуура Эдуардовна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги;
Кадыркулов Мукай Асанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси;
Көчкөнов Казыбек Маматкасымович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин биринчи катчысы.
2. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары О.М.Панкратовго ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлчүлүк комиссиясынын 71-жыйынында кабыл алынган документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Аталган жыйындарга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомунда ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |