Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 16-сентябры № 424-б
"Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору" боюнча Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин.
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
ЖапаровА.Ү. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Пирматов И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сабиров М.Э. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Мухамеджанов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Ташбаев У.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ибраимова Ч.И. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пландоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармасынын начальниги;
Кемелов У. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн натыйжасында жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |