Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 19-сентябры № 425-б
Билим берүү мекемелеринде акы төлөнүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн негизги принциптерин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларындагы карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттигинин директорунун орун басары;
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору (макулдашуу боюнча);
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);
"Билим берүүчү уюмдар союзу" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында акы төлөмө билим берүү кызматтарына бааларды түзүү жана колдонуу жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |