Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-сентябры № 429-б
Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2011-жылы 21-23-сентябрда «ЕврАзЭСтеги бизнес» Эл аралык форумуна, ошондой эле КМШнын экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү курамдагы делегациясы бекитилсин:
Исаков Сапар Жумакадырович* - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы - тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, делегация башчысы;
Усупов Усен Макаевич* - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү;
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын экономикалык кеңешинин алдындагы экономика маселелери боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна* - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
Убукеев Сеит Мелисович - Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулу;
Ибраимова ЧинараИскендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пландаштыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги;
Керим Нур Күлчоро - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Алканов Райкан Алканович - «ЕврАзЭС-Кыргызстан ишкердик кеңеши» ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы - тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Исаков Сапар Жумакадыровичке жогоруда аталган КМШнын экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетинин кезектеги жыйындарынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдарга акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберген уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Эскертүү:
( * ) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен жиберилет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |