КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-январы № 3-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Тансу" ЖЧКсы" (Бишкек шаары, ИНН № 01705199510132).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Тансу" жоопкерчилиги чектелген коомуна жогоруда аталган Тизмеге киргизилгендиги жөнүндө расмий түрдө кабарласын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |