Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-июлу № 350-б
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция менен Синьцзян жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча корпорациясынын «Бей Синь» АОООсунун ортосундагы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен Ош шаарында социалдык турак үйдү курууга карата долбоорду ишке ашыруу боюнча контракттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директоруна жогоруда аталган Контрактка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |